super.kg logo

"Токтоткула музыкаңарды! Тарагыла". Талас облусунун губернатору супермаркеттин ачылышына келген элди таратты

 

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Талас шаарындагы жаңы ачылып жаткан супермаркеттин ачылышына келген элдерди таратып, өтүп жаткан концертти токтотту. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Видеодо көрүнгөндөй, концерт өтүп жаткан супермаркеттин алдындагы топтолгон элге Марат Мураталиев оору күчөп атканда чогулганга болбой тургандыгын, музыканы токтотуп тарап кетүүлөрүн суранган. Концерттин көрүүчүлөрү дагы, интернет колдонуучулары дагы өкүлдүн бул ишин туура деп баалашууда.

Бул окуя тууралуу Марат Мураталиевге кайрылганыбызда, окуя кечээ, 30-августта болгонун айтты.

"Азыр аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы жүрүп жатат. Ошол кезде Таласта чындыгында жакшы супермаркет салынды. Супермаркеттин ээлери 30-август күнү саат 12:00дө супермаркетти ачабыз деп мага келишкен. Биз ошол күнү ал жерге барганыбызда, Бишкектен келген ырчылар ырдап жатыптыр. Миңге жакын адам бар экен. Азыр бизде өзгөчө кырдаал алына элек, коронавируска каршы иштер дагы деле жүрүп жатат. Ачылыш концерти болуп жаткан жерде жаш балдар дагы көп экен. Биз элге туура түшүндүрүп айтып, музыканы токтоттуруп, таратып жөнөттүк. Андан кийин лентасын кесип берип мен дагы кеттим.

Эртең супермаркеттин ээлерине айып салабыз. Жетекчилерине дагы түшүндүрүп айттым. Биз 15-20 киши менен алгоритмдин негизинде ачкыла деп айтканбыз", - деди Мураталиев.






Талас облусунун башчысы супермаркеттин ачылышына келген элди таратты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
31.08.2020. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Азыр мечиттерде элдер журушпойбу. Уруксат берип койдунар жүгүнө бергиле деп. Мына оорунун баары азыр мечиттен жугат десенер эл ишенет. Тан каласын мечиттерди ачып салдынар а эмнеге анда башкасы ачылбаш керек. Кош стандарт тушунук. Мечиттерге кантип жооп бересинер же ага аллах озу жооп берем дедиби.
sinej түзөттү 2020-08-31 18:50:59
31.08.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
sinej, бул супермаркетти ачпа ооруу жугат кеткиле деген жокта ача бер бирок шаан шөкөтсүз ачкыла дептир губернатор. Ооруунун баары топтошкондон жугат деп, ал эми мечитке келсек аралыкты сактап жатышат, киргенде маска менен, колду дезинфекция кылып, мурдагыдай маселе (баян) окулган жок! Сүннөт намазын үйдөн окуп, ал жака парз намазды ( жамаат менен) окуш үчүн барып жатышат!
31.08.2020. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
sinej, Мечитке тазаланып жуунуп даарат алып барышат маска тагып аралыкты сактап окуп атышат сен мечиттерге асылганыны токтот
31.08.2020. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
sinej,Сенин ишин эмне
31.08.2020. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир эле мечиттер эмес базар, супер маркеттер, банялар кафелер баары эле иштеп жатат, жөн эле дөөрүй бересиңби. Именно мечиттерге бир эле жума болду уруксат бергенине, калганы илгери эле ачылган.
31.08.2020. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туптуура кылат салпактап топтолбогула
01.09.2020. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Губернатор азамат. Туура кылдын. Балдарын да алып келишип алышканы туура эмес да. Тынчырак туралы, Кудай деле сактансан сактайм дейт экен го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: