"Бет капчан майрам". Бишкектеги салтанаттуу иш-чарадан фоторепортаж




























Бүгүн, 31-августта Кыргыз өлкөсү Эгемендүүлүк күнүнүн 29 жылдыгын белгилөөдө. Ага карата "Ала-Тоо" борбордук аянтында Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздык күнүнө карата иш-чара болуп өттү.
Майрамдык салтанат пандемияны эске алуу менен онлайн форматта, көрүүчүлөрсүз уюштурулду.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөдү. "Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз", - деп белгиледи.
Салтанатка бүгүнкү күндүн баатырлары — медиктер, ошондой эле пандемиянын күчөп турган мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызмат кылган ички иштер органдарынын, ӨКМнын кызматкерлери, аскер кызматкерлери чакырылган.
Ошондой эле иш-чарага мурдагы өлкө башчы Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, өкмөт башчы Кубатбек Боронов, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышты.
Ал эми өнөр адамдарынан Гүлнур Сатылганова, Ырыскелди Осмонкулов, Жамиля Муратова, Саламат Садыкова, Токтобек Асаналиев, Аалы Туткучев, Нурлан Насип, Урмат Усенов жана Омар келди.
Ошондой эле иш-чарага топтогон каражаттарын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн берген ыктыярчы-балдар дагы катышты. Мамлекет башчысынын атынан ал балдардын ар бирине планшет белекке берилгени маалымдалды.
Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздык күнүнүн 29 жылдыгына карата иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталган. Кечинде Бишкек шаарында майрамдык фейерверк болот.
