"Оюнчулар чачырады". Иван Ракитич "Барселона" клубунан кетти
"Барселона" клубунун хорватиялык жарым коргоочусу Иван Ракитич "Севилья" клубуна кошулду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 32 жаштагы Ракитич "Барселона" клубунан аны бошотууну суранган. Футболчу учурда "Севилья" клубунун медициналык кароосунан өтүп жатат. Ракитич бул клубда 2011-2014-жылдары ойноп кеткен.
Хорватиялык футболчу "Барселона" клубунда 2019/2020-жылкы сезондо жалпы 42 оюнга катышып, 1 гол киргизип, 5 жолу голдук пас чыгарып берген. Ал "Севилья" клубу менен 2023-жылга чейин келишим түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.