super.kg logo

Президент 1-класстын окуучулары менен жолукту

 

Бүгүн, 1-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Билим күнүндө Бишкек шаарындагы конуштардын биринде жайгашкан № 87 орто мектебине барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы бул жалпы билим берүү мекемесинин мисалында билим берүү системин санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Мектептин директору Жаңыл Исанова окуучулардын окуу процессине санарип технологияларын киргизүү жөнүндө айтып берди.

Ал берген маалымат боюнча, мектепте окуучулардын келип-кетүүсүн каттап турган электрондук системи, мектеп окуучуларынын жетишкендиктери жөнүндө электрондук күндөлүк киргизилген. Ошондой эле учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен онлайн сабактарды өткөрүү үчүн толук кандуу шарттар түзүлгөн, класстар интерактивдүү такталар менен жабдылган.

Ал ошондой эле окуусун мектепте баштаган 1-класстын окуучулары үчүн бардык зарыл болгон санитардык талаптар эске алынгандыгын - алар класста социалдык дистанцияны сактоо менен бир партада бирден окуучу отурарын маалымдады.

Биринчи класстын окуучулары менен баарлашууда мамлекет башчы аларды Билим күнү менен куттуктап, мектепте окуунун башталышы алардын жашоосундагы жаңы барак экендигин белгиледи.

"Бул силер үчүн маанилүү жана майрамдык күн. Силер узун, татаал, бирок кызыктуу жана керектүү болгон билим жолуна сапарыңарды баштадыңар. Силерге ийгилик жана чыдамкайлыкты каалайм", - деп каалоосун айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент 2-7-класстын окуучуларынын онлайн билим алуу процесси менен таанышып, алар менен баарлашты жана окууларына ийгилик каалады. Ал учурда пандемияга байланыштуу республиканын бардык мектептеринде билим берүү онлайн тартипте жүргүзүлүп жатканын, бирок кырдаал толугу менен турукташканда, балдар адаттагыдай эле мектепке бара башташарын кошумчалады.

Президент ошондой эле мектептин мугалимдер жамааты менен баарлашып, аларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Мугалимдер жамааты аларды түйшөлткөн көйгөйлүү маселелерди айтып беришти. Бул турак-жай менен камсыздоо жана мектеп окуучулары үчүн орундардын жетишсиздиги.

Мамлекет башчысы бюджеттик тармактардын кызматкерлерине, алардын ичинде мугалимдерге ипотекалык насыялоо каражаттарын бөлүүнү көбөйтүү пландары тууралуу маалымдады.

Ошону менен бирге, ал мугалимдердин айлык маянасы алардын бардыгына ипотека менен турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк бербегенин, ошондуктан айлык акыны көтөрүү дагы деле курч маселе боюнча турганын айтты. Мамлекет башчы өткөн жылы мугалимдердин эмгек акысы 30 папйызга көтөрүлгөндүгүнө карабастан, ал дагы деле жетишсиз экендигин баса белгиледи.

Президент ошондой эле жакында 1-4-класстын окуучулары үчүн мектептин кошумча имаратынын курулушу башталарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
01.09.2020. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
молодеееец
01.09.2020. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мыкты президент
01.09.2020. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Munir81, чын элеби
01.09.2020. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Балакайлардын журогун тушуруп эмнеге барды?урматы жок жылдызы жок туру суук ажо!
02.09.2020. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мектептерди ачкыла урматтуу президент, онлайн болбогон оокат балдардын баарын тупой кыласынар бул кетиште
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: