super.kg logo

Поэтерапия: "Пенде экенбиз кантели өлүп-талып, периштесин пейилдин көмүп салдык. Басып жүргөн боюнча өлүп калдык..."

 

Чыгармачылыгынын чыйыр жолу менен бул дүйнөдө өчпөс из калтырган инсандардын бири Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын, манасчы, обончу Элмирбек Иманалиев.

Калың журтка төкмө акын, обончу катары таанылган Элмирбек Иманалиев поэзия жаатында да өзгөчө ырларды жаратып кеткен. Акын жазган ырларынын ар бир сабында терең маани жатат. Ошол себептүү улуу да, кичүү да муун сүйүп окуп, жатка билсе керек.

Акын чыгармачылык жолунда бир гана жолу өзүнүн поэзия кечесин уюштурганга жетишкен. Дал ушул кечеде күйөрмандар Элмирбек Иманалиевдин калемине таандык ырларды өзүнүн жана шакирттеринин көркөм окуусунда уга алышкан.

Акындын көзү тирүү болгондо адатка айланып калгандай ар бир ырынын тарыхын сурап, окурмандарга кенен маалымат бергенге мүмкүнчүлүк болмок. Ага карабастан сиздерге акындын жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыгып, ар бир окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан ыр саптарына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Пенделер маршы

Мезгилдин агымында калдалактап,
Мен да, сен да, ал дагы карбаластап.
Агып бара жатабыз кайда, кайдаа…
Асыл, асыл күндөрдү чаңга таштап.

Көр тирлик эй, көргө көр жетеленип,
Көрө албастык, ач көздүк, текеберлик.
Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө,
Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик.

Жалганынан чындыгын айрый алгыс,
Оо не деген өмүрсүң, кайрый алгыс?!
Ийинибиз тийишип турган менен,
Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз…

Пенде экенбиз кантели өлүп-талып,
Периштесин пейилдин көмүп салдык.
Басып жүргөн боюнча өлүп калдык,
Байкабайбыз ошого көнүп калдык…

Алганыбыз көп болду, беребизби?
Келген жээкке кетирдик кемебизди.
Күүгүм кирип келатат, мен жалгызмын,
Күн чыкканда биз чогуу келебизби…

Ар адамды ар жерде арал кылып,
Арабызда коюулайт караңгылык.
Табыша албай калганча үн каталы,
Таап алалы адамды адам кылып.

*****
Асыл жарым! Сабыр кылып тыңдагын,
Билесиңби жүрөгүмдө ким барын?
Ошол бирөө сенден жаман сыздатты,
Андан бетер сен деп канча сыздадым…

Асыл жарым! Туталанбай тыңдагын.
Азыр менин сенден кыйын кырдаалым.
Ал да мени сенден жаман ыйлатты,
Андан бетер сен деп канча ыйладым…

Азап коштоп алтын жаштык жылдарын,
Аз жылынып, көп көргөмүн ызгаарын.
Эмикиси андан кыйын көрүнөт,
Эңгиредим, жалгыздадым, муздадым…

Асыл жарым! Аяйсыңбы, аягын.
Азап, азап – азыр менин абалым.
Экөөбүздөн жетим калган күндөргө,
Ээр токумсуз – жайдак кетип барамын…

Эрк өзүңдө, кечир мени кечирбе!
Эмне өзгөрмөк, эзил мейли эзилбе.
Махабаттын ысык демин ким бермек,
Махабаттан эрте калган жетимге!?…

Бирок баары андай эмес, тыңдагын…
Билесиңби көкүрөктө муң барын?
Ошол муңум силер эмес, мен эмес –
Сыздап чыккан, ыйлап чыккан ырларым!

***

Бүрдөгөн кезде кайыңдар, гүлдөгөн менде жаңы ырлар.

Ардагым сенден кечиккен, арманым арман ал ырлар.

Азабым арбын үчүн же, аяган гана киши не.

Булуккан булут болдум мен, буркурайт жамгыр ичимде.

Алыстан уксам үнүңдү, алдейлейм ошол күнүмдү.

Көчөңдө келет жашагым, көчүрүп барып үйүмдү.

Турмушуң тулпар тушалган, туум сары болду кусамдан.

Бушайман кылат мени акыр ушул муң, санаа, ушул арман.

Көөдөндө туйлап муң арман, көз жашым кулайт мунардан.

Түбөлүк обон өзүңсүң, түбөлүк менмин угарман.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(4)
02.09.2020. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Керемет саптар жазылбай калды канчалап,
Карачы чиркин, калемден кандай кан тамат.
Кайран уул кетти, кыргыздын эле каймагы,
Ким билет эми? Сендей жан кайра жаралат.

02.09.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул ото оор жыл болду Кыргызыма, чыныгы Кыргыздын каймактарынан айрылдык...
02.09.2020. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыздын руханий ырлары.
02.09.2020. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаралып бул дүйнөгө келди акын.

Билбедик убагында сезип баркын,

Шум ажал алып кетти арабыздан

Элмирбектей жаралабы улуу акын?
Tyty1990 түзөттү 2020-09-02 19:31:34
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: