super.kg logo

Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды

 

Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Облустук ыкчам штабынын маалыматына ылайык, эпидемия башталгандан бери 119 күндүзгү стационар ачылып, аларда 1 миң 655 орундук түзүлгөн.

Учурда облус аймагында 6 аймактык оорукана, 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 2 жалпы дарыгерлик практика борбору, 53 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 120 фельдшердик акушердик пункт бар.

Облустук медициналык мекемелерде 740 дарыгер, 2 миң 144 медайым жана облуска сырттан келген 52 дарыгер эмгектенүүдө. Облустук жана райондук аймактык ооруканаларда кычкылтек тутумдары орнотулган, мындан сырткары облус боюнча 1014 кычкылтек концентратору бар, алардын 593 даанасы ооруканаларда, калгандары күндүзгү стационарларда. Облус боюнча 15 стационардык жана 4 көчмө рентген аппараты бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: