Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Мелдештин экинчи күнүндө кыргызстандык балбандар медаль утушкан жок
Венгрияда 16-22-сентябрь күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күнү да кыргызстандык балбандар үчүн ийгиликсиз аяктады. Мелдештин экинчи күнү, 17-сентябрда эркин күрөш боюнча килем үстүнө чыккан Базар Базаргуруев (60 килограмм салмакта) алгачкы эле беттеште Франклин Гомес Матоско (Пуэрто-Рико) жеңилип, мелдештен четтеди. Ал эми дагы бир кыргызстандык балбан Айаал Лазарев (120 кг) биринчи беттеште германиялык Йоханнеса Кесселди утуп, экинчи беттеште ирандык Камиль Гасемиге утулуп калды. Жалпы жыйынтыкта Айаал Лазарев 14-орунда калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















