Маалыматка ылайык, 24-орундуу убактылуу жашоочу үй Ленин районунун Киргизия-1 айылынын Таалай көчөсүндө жайгашкан. Аталган үйдө кыздар гана жашайт.

"Жаштар үйү" "Жетим балдарды коргоо укугу" коомдук фонду тарабынан балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн социалдык колдоо долбоорунун алкагында ачылды. Бул жерде:

  • акысыз жашоо;
  • үч жолу тамактануу;
  • окуу жайларына кирүү (кечки мектеп, кесиптик лицей, колледж, ЖОЖ);
  • аскердик каттоо;
  • поликлиниканын каттоосуна кирүү каралган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы Балтагулов көчөсүндө балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн убактылуу турак жай берүү боюнча мекеме иштеп жатат. 1-сентябрга карата социалдык жатаканада 22 адам жашайт.