super.kg logo

"300дөн кем эмес добуш". Социалдык тармакка тарап жаткан добуш сатып алуу фактысын камтыган видео боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды

 

Фейсбук социалдык тармагында тарап жаткан добуш сатып алуу фактысын камтыган видео боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Маалымат Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, 30-август күнү Фейсбук социалдык тармагында добуш сатып алуу боюнча сүйлөшүү тууралуу видео тараган.

"Бул окуя боюнча Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тарабынан видеодогу кызыл футболкачан белгисиз адамдын аты-жөнү такталып, ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын 1986-жылы туулган М.А. аттуу тургуну экени белгилүү болгон. Аталган видеодо М.А. аттуу жаран У.Б. аттуу кишиге добуш берүү боюнча сүйлөшүп, шайлоого добуш берүү жолдорун түшүндүрүп берип, 300 кишиден кем эмес добуш салып бергиле деп суранып жаткандыгы чагылдырылган. Мындан сырткары видеодогу чогулган кишилердин аты-жөнү такталып, алардан сурамжылоо иштери жүргүзүлүп, түшүнүк кат алынган.

Жогорудагы факты Жазык кодексинин 192-беренесинин (добуштарды сатып алуу) 2-бөлүгү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
01.09.2020. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртен буларда утат Эми сот билбейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: