super.kg logo

Өлкөдө 1-класска 156 миңден ашык окуучу барды

 

Өлкөбүздө бүгүн, 1-сентябрда 156 миң 430 окуучу мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пандемияга байланыштуу жаңы окуу жылынын башталышы менен 1-класстар гана салттуу режимде билим алышат. Калган класстар үчүн дистанциялык түрдө билим берүү уюштурулат.

Телесабактар КТРКнын "Баластан" жана ЭлТРдин "Илим жана билим" каналдарынан бериле баштады. Эфирге чыккан соң, сабактар министрликтин https://oku.edu.gov.kg/ky/ порталына жайгаштырылат.

Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте 1-класстын окуучуларын салттуу режимде окутууда кандай талаптар аткарылышы керектиги боюнча атайын алгоритм иштеп чыкты.

Эгер класста окуучулар көп болсо, алар эки топко бөлүнүп, аралашып отурушат жана мектептер тиешелүү болгон бардык санитардык эрежелерди сакташат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: