super.kg logo
  Саясат  

Парламенттик шайлоо тууралуу өткөн Коопсуздук кеңештин жыйынынан фоторепортаж

 
Коопсуздук кеңештин чакан курамдагы кезектеги жыйыны өттү.
Премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат берүүдө.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат берүүдө.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берип жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп жатат.
Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаар мэрлеринин катышуусундагы жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды.

Мамлекет башчы шайлоолорду таза өткөрүү Кыргыз мамлекетинин мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты болуп саналарын белгиледи. Айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө билдирүүлөргө бийлик органдары тарабынан ыкчам реакция болушу зарылдыгын баса белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: