Белгилүү "I like to move it" хит ырынын автору Эрик Морилло каза болду
1990-жылдары эл арасында популярдуу болгон "I like to move it" ырынын автору, америкалык ди-джей жана продюсер Эрик Морилло каза болду. Анын денеси Майами-Бич шаарындагы үйүнөн табылганын жергиликтүү басылмалар 1-сентябрда жазып чыгышты.
Өлүмдүн чоо-жайы азырынча тактала элек.
Эрик Морилло быйыл августтун башында зордуктоого шектелип кармалып, күрөөнүн эсебинен бошотулган. 4-сентябрда алгачкы сот отуруму болмок.
Анын жогоруда аталган ыры убагында хит-параддарда алдыңкы орундардан түшпөй турган. Ошондой эле аталган ыр америкалыктардын белгилүү "Мадагаскар" анимациялык көркөм фильминде да коштолгон.
Морилло престиждүү "DJ Awards" сыйлыгына алты жолу татыктуу болгон. Үч жолу "Эң мыкты эл аралык ди-жей" наамын алган.
Белгилүү "I like to move it" ырынын автору Эрик Морилло көз жумду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.