super.kg logo

"Эки башка 1000 сомдуктун бөлүктөрүн чапташтырып коюшуптур" дейт жасалма акчага туш болгон бишкектик тургун

 

Бишкекте жүгүртүүгө мүмкүн болбогон жасалма акчаларга туш болушуңар мүмкүн. Мындай маалыматты Гүлзат Бектемирова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыккан.

Анда ал шаардыктарды сак болууга чакырып, буга байланыштуу окуясын айтып берген. Төмөндө билдирүү ээсинин посту кыскартылып берилди.

"Жумушчулар шаарчасына эт сатып алганы баргам. Менде бүтүн 2 миң сом болгондуктан, аны берип, 1 миң 500 сом кайтымды алгам. Эки күндөн кийин соода түйүндөрдүн бирине барганда, акчанын 1000 сому жараксыз экенин билдим. Анткени кимдир-бирөө эки башка 1000 сомдуктун бөлүктөрүн бириктирип койгон экен. Артка териштирүү үчүн барган жокмун. Бирок акчамды алмаштырып беришеби деген үмүт менен Улуттук Банкка бардым. Ал жактан 1000 сомдун бир бөлүгү үчүн 500 сом беришип, бир бөлүгүнө алмаштырууга мүмкүн эмес деген мөөр басышты. Мен банкка барбай туруп, базардан азык-түлүк ала берсем болмок, бирок дагы бирөөнүн жабыркашын каалаган жокмун. Сак болгула", - деп жазылган билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
02.09.2020. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат маалыматынызга, 500 сом акчаныз 5000 миндей берекелуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: