Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда"
"Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда", - деп бүгүн, 2-сентябрда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Биздин республикада пандемия башталгандан бери бир катар масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү. Карантин киргизүү, санитардык талаптардын күчөшү жана башка иш-чаралар ооруну убагында алдын алып, туруктуу кармап турууга жардам берди деп эсептейбиз. Тилекке каршы коронавирус менен бирге пневмония оорусу күчөп, статистикалык маалымат бириктирилген.
Ал эми, күз-кыш айларында сасык тумоо жана респиратордук оорулардын күчөшүнө божомол бар. Мындан улам, алдын алуу максатында бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүүдө. Муну менен бирге, ар бир жаран абал толук турукташмайынча санитардык талаптарды сактоосуна чакырабыз", - деди Нурболот Үсөнбаев.
