super.kg logo

Көңүл бургула! "ЭлМектеп" - О! түйүнүндө окуучулар үчүн ыңгайлуу электрондук күндөлүк

 

Жаңы окуу жылынын 1-сентябрына карата О! Мобилдик оператору "Коопсуздуктун интеллектуалдык системи" ЖЧКсы менен биргеликте окуучулар жана алардын ата-энелери үчүн электрондук күндөлүктү - "ЭлМектеп" кызматын ишке киргизип жатат.

Электрондук күндөлүк мезгил менен текшерилген санариптик курал, ал дүйнө жүзүндө өзүн ар түрдүү бренддер менен көрсөтө алды. Тутумдун ыңгайлуулугун аны колдонуп көргөн көптөгөн мугалимдер баалашты, анткени электрондук мектептик иш кагаздарын жүгүртүү жалпы билим берүүчү мекемелерге болгон жүктөмдөрдү азайтууга, ошондой эле ата-энелер балдарынын жетишкендиктеринен ар дайым кабардар кылып турууга жардам берет.

АТА-ЭНЕ каалаган учурда тиркемеде же сайттагы жеке кабинетте төмөнкүлөрдү көрө алат:

  • Сабактардын жүгүртмөсү + үй тапшырмалар + баалар;
  • Сабакка катышкандыгы жана жүрүм-туруму тууралуу маалыматтар;
  • Баланын жетишкендигинин рейтинги;
  • Текшерүү иштери жана маанилүү иш-чаралар тууралуу маалымдамалар.

ОКУУЧУ эч качан мындай күндөлүктү унутпайт жана жоготуп жибербейт, ал эми үй тапшырмаларын дароо тиркемеден алып, кайра жөнөтө алат.

Дистанциондук окутууну колдоо программасынын алкагында "ЭлМектеп" кызматы окуучулар үчүн жеңилдетилген "Окуучу" тарифинде жана ата-энелер үчүн "Переходи на О! 135 + O!TV + ЭлМектеп" тарифинде акысыз кошулган. Бул тарифтерде кызматты *818*1# буюртмасын терүү менен кошуп алуу мүмкүн.

Башка тарифтик пландарда "ЭлМектеп" кызматын "Мой О!" тиркемесинде же тиешелүү буюртмаларды терүү менен кошуп алса болот:

  • 30 күнгө 20 сом: *818*2#;
  • 7 күнгө 5 сом: *818*1#;
  • 365 күнгө 200 сом: *818*3#.

Кызматты кошуп алуу үчүн elmektep.o.kg сайтынан сиздин мектептин "ЭлМектеп" тутумуна кошулгандыгын текшерүү керек.

Азамат Жакыпов, Elmektep.kg сайтынын башкы директору: "ЭлМектеп" электрондук күндөлүгүндө үй тапшырмаларды гана бербестен, аларга окуу материалдарын кошо тиркеп берсе да болот. Бул функция үйдөн чыкпай туруп окууну улантууга толук кандуу мүмкүндүк берет. Ушул эле платформадан окуучулар аткарылган үй тапшырмаларын да жибере алышат. Мындан кийин мугалим баа коёт же кайра иштеп чыгуу үчүн пикирин билдирет. Тутумда жеке билдирүүлөр менен алмашуу да жеткиликтүү".

Максим Сидоренко, О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору:

"Электрондук күндөлүктөр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө текшерүүдөн өтүп, иш жүзүндө өздөрүнүн эффективдүүлүгүн тастыкташты. Биз бул тутум тууралуу мыкты гана пикирлерин билдирген чет мамлекеттердеги мугалимдер менен ата-энелердин тажрыйбаларын изилдедик. Баары ыраазы! Окуучулар окууга жоопкерчиликтүү мамиле жасашат, ата-энелер менен баланын ортосунда тыгыз байланыш түзүлөт. О! Мобилдик оператору менен электрондук мектептин мүмкүнчүлүктөрү ар бир кишиге жеткиликтүү болууда!".

Жакынкы арада өлкөбүздө "Электрондук кире бериш" жана "Электрондук ашкана" сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Ата-энелер бала мектепке качан киргени же качан чыкканы тууралуу маалымат алып, баласынын мектепте болгон, болбогондугун так билишет. Электрондук ашкана баланын кайсы азыктарды жана тамактарды алып жаткандыгына көзөмөл жүргүзөт. Долбоор накталай акчаны колдонуу муктаждыгын жоёт. Демек бала акчасын башка нерсеге коротуп коюу үчүн азгырылбайт.

iOS же Android үчүн "ЭлМектеп" тиркемесин https://o.kg/l/em шилтемеси аркылуу жүктөп алыңыз. Толук маалымат elmektep.o.kg сайтында.

О! Мобилдик оператору менен бирге окуйбуз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: