super.kg logo

Дональд Трамп Кытайды COVID-19дан каза болгондордун санын жашырды деп айыптады

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды COVID-19дан каза болгондордун санын жашырды деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

АКШ лидеринин пикири боюнча, Кытай азыркы учурда кыйын учурда жашап жатат. Аталган өлкө пандемиядан башкалар ойлогондон дагы абдан көп чыгымга учураган.

"Алар он миңдеген адамдарын жоготту. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кытайда COVID-19дан каза болгондордун саны көп. Алар бул жөнүндө эч кандай маалымат беришкен эмес, жашырып жатышат", - деген Дональд Трамп.

Мындан сырткары жергиликтүү кабарчылар андан мындай маалыматтарды кайдан алгандыгын сурашкан, бирок лидер бул тууралуу маалыматты ачыктаган эмес.

Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматтарга таянсак, Кытайда коронавирустан 4 миң 724 адам көз жумган. Ал эми АКШда 184 миңден ашык бейтап каза болгон.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: