super.kg logo

Өлкөдө август айында 1 жашка чейинки 117 бала COVID-19 менен ооруган

 

Өлкөдө август айындагы статистикага ылайык, 14 жашка чейинкилер арасында 1 миң 120 бала COVID-19 менен ооруган. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинен:
1 жашка чейинкилер – 117;
1ден 5 жашка чейинкилер – 354;
6дан 14 жашка чейинкилер – 649.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан балдар арасында COVID-19 инфекциясын диагностикалык аныктоо жана дарылоо пандемия башталгандан бери ишке ашырылып келе жатат. Азыркы учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун 4-варианты бекитилген. Балдардын арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү кездешүүдө. Жогоруда аталган протоколго мына ушул сезгенүүнү аныктоо жана дарылоо боюнча атайын бөлүм киргизилип, жолдомо жазылган", - деп билдирет С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шукурова.

Учурда өлкөдө беш оорукана коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр:
1. Улуттук эне жана баланы коргоо борбору (Бишкек);
2. Медициналык "Тез жардам" шаардык балдар клиникалык ооруканасы (Бишкек);
3. Ош облустар аралык балдар ооруканасы (Ош);
4. Кара-Суу районундагы балдар ооруканасы (Ош облусу);
5. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (Бишкек).

Мындан сырткары аймактык ооруканаларда балдар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалган. Жалпысынан 2 миң 356 орундук бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: