Үч айлык кызымдын боорун алмаштырууга 40 миң доллар акча керек деген ата мекендештерден жардам сурайт




Ушул жылы жарык дүйнөгө келген кызы боор оорусуна чалдыгып калганын айтып Мирлан Суеркулов SUPER.KG порталына кайрылды.
Үшкүрүк тартып, жардам сураган атанын кызы 28-августта болгону 3 айлык болду.
"Кызым Хафиза Сулайманова 2020-жылдын 28-майында жарык дүйнөгө келген. Ал туулганда эле денесинин саргаюусу (желтуха) көбөйө берди. Дарыгерлерге текшерткенде эле алар бизге "өт чыгаруу жолдорунун атрезиясы" (атрезия желчевыводящих путей) диагнозун коюшту. Тактап айтканда кызымдын боорун алмаштырыш керек экенин айтышты. Болбосо боору иштебей, курсак чоңоё берет экен. Кыргыз өлкөсүндө мындай операциялар жасалбагандыктан, Түркия, Орусия, Индия, Италия өлкөлөрүндө жасатууга туура келет экен. Биз эң арзан жасайт деген Түркиядагы бир ооруканага байланышсак, операция 40 миң долларга жасаларын айтышты. Бизде мындай акча жок. Айлабыз кетип, элден жардам сурай баштадык.
Туугандарым, досторум тааныштарым жардам берип жатышат. Бирок жогорудагы суммага жакындабай жатабыз. Мындан улам кызымдын өмүрүнө кайдыгер карабаган мекендештеримден жардам сурайм.
Жубайым экөөбүз былтыр баш кошуп, ушул жылы кызыбыз төрөлгөн. Наристебиз азыр кыйналып, түнү менен уктабай жатат. Дарыгерлер бооруна төрт айлыктан өткөрбөй операция жасатуу керек экенин айтышууда. Себеби бала 4 айдан кийин тамак жегенге акырындык менен өтүп, башка оорулар кошулуп баштайт экен. Азыр кызыбыз 3 айлык болду. Мен тыным албай, ар кайсы жактан жардам сурап кайрылып жатам. Бул үчүн ЭЛСОМ дагы ачтык", - дейт Суеркулов.
Мирлан Суеркулов кызына өзү донор болорун айтат.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн ЭЛСОМ 0700-68-41-61.




1 |