Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1 миң 746 адамга акысыз отургуч-коляскалар берилди
Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1 миң 746 жаранга акысыз отургуч-коляскалары берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Алардын ичинен 855и чоңдор, ал эми 891и майыптыгы бар балдар экендиги айтылат.
"Отургуч-коляскалар майыптыгы бар адамдарга 3 жашынан баштап берилет. Алар бекер 5 жылга берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды отургуч-коляскалар менен камсыздоо алардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат. Отургуч-колясканы бекер берүүгө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу негиз болот", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик отургуч-колясканы акысыз алуу үчүн жарандар аймактык бөлүмдөргө (райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү) кайрылса болорун билдирет. Ал учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын төмөндөгүдөй документтери керектелет:
- Арыз;
- МСЭКтин корутундусу;
- Иш жүзүндө жашаган жеринен маалым кат;
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын отургуч-коляскаларды алууга арызы аймактык бөлүмдөр тарабынан кабыл алынат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга отургуч-коляскалар аймактык бөлүмдөргө келип түшкөнүнө жараша Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын журналына катталган жазууларга ылайык электрондук кезек тартибинде берилери маалымдалат.
