Ысык-Көлдө эс алуучулардын жоктугунан 220 объект иштеген жок
Ысык-Көлдө эс алуучулардын жоктугунан 220 объект иштеген жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда онлайн брифингде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элчибек Жантаев билдирди.
"2020-жылдын жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү жана экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу алкагында өкмөттүн 2020-жылдын 1-июнунан баштап туризм секторуна иштөөгө уруксат берилген. Бирок июнь айында эс алуучулардын жоктугунан айрым эс алуу жайлар туристтик мезгилде иштөөдөн баш тартууга мажбур болушкан. Облуста 533 эс алуу объектиси бар болсо, 1-июлга карата 313 объект ишке кирип, 220 объект ишке кирген жок”, - деди Жантаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.