Ысык-Атада 15 жаштагы кызга сексуалдык иш-аракет кылды деп шектелген жарандын иши өндүрүштөн кыскартылды
Чүйдүн Ысык-Ата районунда 15 жаштагы кызга сексуалдык иш-аракет кылган факты боюнча иш өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Ысык-Ата РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда ушул жылдын февраль айында 15 жаштагы кызына сексуалдык иш-аракет кылган 20 жаштагы жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү баштап, тийиштүү экспертизаларды дайындаган. Териштирүү иштеринде жашы жете элек кыздын мыйзамдуу өкүлү шектүү жаран менен жарашып алгандыгына байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Tolkun555

03.09.2020. 06:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарашса жарашпаса деле баары бир кылымыш ко.18 ден отсо келишти десе болот.
Jibakana

03.09.2020. 08:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tolkun555,биздин сотторго боло берет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.