super.kg logo
  Саясат  

Ак үйгө кирерде депутаттарды текшерип, куралын алып калууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

 Депутаттык кол тийбестик "аларды текшерүүгө болбойт" дегендикке жатпайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда ЖКнын жыйынында “Депутаттардын статусу” тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Ирина Карамушкина билдирди. Айтымында, Ак үйгө кирерде ар бир эл өкүлү куралын тапшырып кириши абзел. “Кол тийбестик укугу тиешелүү органдын макулдугусуз эл өкүлдөрүн сот жообуна тартууга болбойт дегенди билдирет. Алардын унаасын текшерүүгө толук мүмкүн. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, депутаттар өздөрү үлгү болушуп, мыйзамдын аткарылышына салымдарын кошуусу керек”,- деди эл өкүлү. Ал эми депутат Роза Акназарова эл өкүлдөрү Ак үйгө кирип жатышканда сумкаларын тиешелүү жабдуу аркылуу текшертиши керектигин кошумчалады. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: