Белгилүү футболчу Неймар коронавирус инфекциясын жуктуруп алды
Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жеткен Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун үч оюнчусу коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы чабуулчу Неймардан, жарым коргоочулар Анхель Ди Мария жана Леандро Паредестен аныкталган. Үч футболчу тең Испаниянын Ивиса шаарында эс алып келишкен.
"ПСЖ" футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын финалында Германиянын "Бавария" клубуна 0:1 эсебинде жеңилип калышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.