Парламент комитетинде сугат чарбасын өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору жактырылды
Кечээ, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү боюнча зайым жөнүндө макулдашуу каралды.
Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат суу тармагын өнүктүрүүгө багытталган "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү" долбооруна жалпысынан 59 миллион 500 миң доллар бөлүнөт. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 5 жыл. Анын ичинде, Ислам өнүктүрүү банкынын каражаты 20 миллион доллар. Жеңилдетилген насыя 25 жылдык мөөнөткө 1 жарым пайыздык үстөгү менен берилүүдө.
"Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун экинчи этабында Сауд фонду 30 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен 30 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлөт. Ал эми Кыргыз өлкөсү долбоорго 8 миллион 900 миң доллар кошууга тийиш.
