super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Митингге чыккандар облус башчы Эмил Каптагаев менен жолугушту

 
Камактагылардын ата-энелери облус жетекчилерин күтүшүүдө
КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов жана облус башчысы Эмил Каптагаев жолугушууда
Камактагылардын ата-энелери
Камактагылардын ата-энелери жолугушууда

Ысык-Көл облусунун Түп районунда мал жоготуп, аны издеп Казакстандын аймагына киришкен Корумду айылынын 5 тургуну 12-июлдан бери аталган өлкөдө камакта жатат. Бүгүн, 18-сентябрда аталган жарандардын ата-энелери облустук администрациянын алдына топтолушуп балдарын бошотуп берүүнү талап кылышты. Алар облус башчысы Эмил Каптагаев, КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов, облустук ички иштер бөлүмүнүн  жетекчиси Эмил Салиев жана башка жергилктүү жетекчилер менен жолугушту. Жолугушууда Токон Мамытов камактагылар 300-500 миң теңге өлчөмүндөгү айып пул төлөгөн учурда гана аларды камактан бошотуша турганын билдирди. Чогулгандар балдары менен жолугушуу уюштуруп берүүнү өтүнүштү. Ал өтүнүч орундаларын бийлик өкүлдөрү убадалашты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: