super.kg logo

Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл фильм тартышат

 

Британ ханзаадасы, королева Елизавета IIнин кичүү небереси Гарри менен жубайы Меган Маркл продюсердик компания түзүп, "Netflix" сервиси менен эксклюзив макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жубайлар даректүү жана көркөм фильмдерди, сериалдарды тартып, балдарга арналган программаларды даярдашат.

"Биз Гарри жана Мегандын Netflixти чыгармачыл үйү катары тандап алышкандыгына сыймыктанабыз. Биз алар менен жашоодогу окуяларды бөлүшүп, дүйнө жүзү боюнча ар кандай аудиториянын ортосундагы түшүнүшүүнү арттырууну күтүп жатабыз", - деп билдирген компаниянын төрагасы Тед Сарандос.

Ошондой эле Netflixтин өкүлү келишимдин каржылык шарттары боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Эске салсак, алар быйыл 31-мартта расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, каржылык көз карандысыздык жарыялашкан.

Белгилей кетсек "Netflix" компаниясы 1997-жылы АКШда негизделген. Акы төлөнүүчү видео кызматынын аудиториясында 130 миллиондой катталуучу бар. Азыркы учурда "Netflix" өзүнүн кинотасмаларын, сериалдарын жана телекөрсөтүүлөрүн чыгарууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: