Депутат коронавируска каршы күрөшүү үчүн келген насыялар боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады
Депутат Наталья Никитенко коронавируска каршы күрөшүү үчүн келген насыялар боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Баарына белгилүү болгондой, шайлоого карата үгүт иштери башталат. Талапкерлер аймактарды кыдырганда эл экинчи толкунга өкмөт кандай чара көрүп жаткан, сырттан келген насыялардын коротулушу боюнча сурашат. Бүгүн өкмөттү чакырып маалымат угууну сунуштайм", - деди Никитенко.
Депутаттын сунушуна эл өкүлдөрү добуш берип, колдоо тапкан жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

