super.kg logo

Окуу жылынын башталышына карата республикада 12 мектептин курулушу аяктады

 

Окуу жылынын башталышына карата республика боюнча 12 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуп бүткөн объекттердин жалпы долбоордук кубаттуулугу 2 миң 820 окуучулук орунга эсептелген. Айтылган мектептердин предметтик класстары, ашкана жана актовый залы, бардык зарыл техника жана эмеректер менен жабдылган. Ошондой эле мектептердин имаратында өрт өчүрүүчү каражаттары жана видеобайкоо камералары орнотулган, желдетүүчү контролдору каралган.

Белгилей кетсек, "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражатынан 475 миллион 759 миң 800 сом каржыланган.

Бүткөн объекттердин тизмеси:

  • Чуй облусунун Чуй районунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы 350 орундуу мектептин окуу корпусу;
  • Баткен облусунун Баткен районунун Сай айылындагы Акматов атындагы 225 орундуу мектептин окуу корпусу;
  • Баткен облусунун Кадамжай районунун Жоошук айылындагы Юсупов атындагы мектептин капиталдык оңдоп түзөө иштери;
  • Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылындагы Акылбеков атындагы 225 орундуу мектеби;
  • Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов 275 орундуу мектеби;
  • Ош облусунун Кара-Суу районунун Жарооз участкасындагы С.Жусуев атындагы 225 орундуу мектептин окуу корпусу;
  • Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылындагы 200 орундуу мектеби;
  • Ош облусунун Ноокат районунун Кожоке айылындагы Чынкараев атындагы 225 орундуу мектеби;
  • Ош облусунун Өзгөн районунун Макаренко айылындагы Ж.Маматжанова атындагы 275 орундуу мектеби;
  • Өзгөн шаарындагы №6 А.Навои атындагы 520 орундуу мектеби;
  • Ош облусунун Өзгөн районунун Кысык-Алма айылындагы 200 орундуу мектептин окуу корпусу;
  • Талас облусунун Кара-Бура районунун Көк-Сай айылындагы мектептин 100 орундуу кошумча корпусу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: