super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кубатбек Боронов бир дагы өкмөт мүчөсү шайлоого аттанбайт деди эле"

 

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев вице-премьер-министр болуп өкмөт өкүлдөрү шайлоого аттанганын айтты.

"Тарыхта Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Алмазбек Атамбаевдин учурунда административдик ресурс колдонулуп келинген. Мына ошондой ыкма азыр дагы алдыда турган парламенттик шайлоодо колдонулуп жатат. Пандемия учурунда дарыгерлерди баатырларга теңедик. Силер өлкөнү сактап калдыңар деп ыраазычылык билдирдиңер. Азыр ооруканада паспортторду чогултуп, адамдарды каттоого тургузасыңар деп дарыгерлерди кордоп жатасыңар. Бир ай мурун баатырга теңеген дарыгерлерди бүгүн кордоп жатасыңар. Мындай ыкманын арты жакшы болбойт. Мыйзам боюнча административдик ресурс колдонгон жетекчилер айып пулга жыгылып, кызматтан алынат. Президент дагы ушул маселени көтөрүп жатат. Бирок арыз жок деп бир дагы адамды жоопко тарткан жоксуңар.

Кубатбек Боронов премьер-министр болордун алдында бир дагы өмкөт мүчөсү шайлоого аттанбайт деп айтты эле. Пандемияны басам деген вице-премьер-министр баш болуп премьер-министрдин сөзүн укпай шайлоого аттанышты", - дейт Жанар Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: