super.kg logo

Окумуштуулар коронавирус автобуста бат жугарын аныкташты

 

Окумуштуулар коронавирус инфекциясы коомдук транспортто, тагыраагы автобуста бат эле жугарын аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылууда.

Жазылган маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы микро тамчылар аркылуу гана эмес, аба аркылуу дагы жугарын Жоржия штатындагы университеттин жана кытай изилдөө борборлорунун адистери белгилешет.

Изилдөөдө айтылгандай, 2020-жылы январь айында катуу чектөөлөр киргизиле элек учурда Кытайдын чыгышында 128 буддист 50 мүнөттүк жолго 2 автобус менен чыккан. Ал автобустун биринде коронавирус менен ооруган адам болгон, бирок бул тууралуу ал билген эмес. Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн эч бири бет кап кийген эмес. Алардын ичинен 24 адам коронавирус илдетине кабылган. Мындан тышкары иш-чарада коронавирусту алып жүрүүчү аял менен байланышта болгон дагы 7 адам аталган илдетти жугузуп алган.

Автобуста вирусту алып жүргөн адамдан 7 катар алыстыкта олтурган жүргүнчүлөр дагы ооруп калган. Бир гана терезе жана эшик тарапта олтурган адамдарда ооруну жуктуруп алуу коркунучу бир аз төмөн болгон.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, коронавирус микро тамчы түрүндө гана берилбестен, аба аркылуу дагы жугат деген жыйынтыкка келишкен. Жабык имараттарда ооруну жугузуп алуу коркунучу жогору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.09.2020. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окумуштуулар тойгузду.....
03.09.2020. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урдум окмуштууларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: