super.kg logo

Дыйкан-Кара-Кече унаа жолуна түшкөн таштар толугу менен тазаланды

 
Дыйкан-Кара-Кече унаа жолуна түшкөн таштар толугу менен тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-август күнү Жумгал районунун Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында тоо беттеринен таш кулоо активдешип, жол каттамдын 500 метр аралыгын жаап, болжол менен 300 миң (метр куб) таш массасы түшкөн.
"Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана күз-кыш мезгилине даярдыкты көрүү мерчемин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн, ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 3000 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилген. Жумгал районунун ДЭП №24 жол тейлөө ишканасы тарабынан 3 инженердик техника, Кара-Кече көмүр ишканасынан дизелдик күйүүчү май жана 7 даана инженердик техникалар жана 15 жумушчу тартылган.
Жыйынтыгында 1,200 метр автоунаа жолу курулуп, жол каттамы эки тараптуу ачылган. Мындан тышкары 8 даана электр чубалгы тиректери орнотулуп, 400 метр аба чубалгысы тартылып, электр энергия менен камсыздалды", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: