super.kg logo

«Кумтөр» Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине 78 миллион сомдон ашык каражат которду

 

2020-жылдын 1-сентябрында «Кумтор Голд Компани» («Кумтөр») компаниясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 78 миллион 468 миң 3 жүз сом (КРУБ 01.09.20-ж. расмий курсу боюнча 1 миллион АКШ долларынын эквиваленти) которду.

«Кумтөр» компаниясы бул кадамы менен жаңы COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүү боюнча алдын ала көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн эске алып, ошондой эле социалдык жооптуу бизнес принциптерин жактоочулукту улантуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине республиканын дарылоо мекемелерин оңдоо жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн каражат бөлдү.

«Кумтор Голд Компани» президенти Деон Баденхорст: «Кумтөр» компаниясы тарабынан бөлүнгөн 1 миллион АКШ доллары COVID-19 менен күрөшүүдө биздин ишкананын татыктуу салымы эле эмес, өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системин жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенебиз» - деп белгиледи.

Андан тышкары, коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам татаалдашып кеткен кыйын учурда, «Кумтөр» өлкөгө жардамдарды туруктуу көрсөтүп келет. Атап айтканда, 2020-жылдын мартында «Кумтөр Голд Компании» 100 000 АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам көрсөткөн, ал Ысык-Көл облусунун аймагындагы коронавирустук инфекциянын (COVID-19) алдын алууга жана андан ары жайылтпоого багытталган иш-чараларга тартылган облустун тиешелүү структураларын жана калкын керектүү медициналык каражаттар менен камсыздоого сарпталган.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунда коронавирустук инфекциянын алдын алууга жана андан ары жайылтпоого 12 миллион сом бөлүп берди. Аталган Фонд «Кумтор Голд Компани» компаниясынын жылдык дүң кирешесинин 1 пайыздык өлчөмүндөгү чегерүүлөрүнөн түзүлөт.

Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны кескин көбөйүп, оору күчөп турган июль айында, «Кумтөр» компаниясы 90 кычкылтек концентраторун сатып алып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун, ошондой эле Балыкчы шаарынын медициналык мекемелерине өткөрүп берди. Бөлүштүрүү койкалардын ордуна ылайык жүргүзүлдү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: