super.kg logo

Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук билим берүү каражаттарынын тизмеси

 

Өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-сентябрдан тартып 2-11-класстын окуучулары үчүн дистанциялык формада билим берүү башталды. Телесабактар 10дон ашык студияда тартылып, ЭлТРдин “Илим жана Билим” (5-11-класс) жана КТРКнын “Баластан” (1-4) телеканалдарынан эфирден берилүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эфирден чыгарылган видеосабактар Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү порталына (https://oku.edu.gov.kg/ky/) жайгаштырылып жатат.

oku.edu.gov.kg - порталында мындан тышкары мугалимдер үчүн, ата-энелер үчүн методикалык иштелмелер дагы жайгаштырылган, алар үчүн нускама видеосабактар дагы коюлат.

kitep.edu.gov.kg/kg - электрондук китепканасы иштеп жатат. Бул жерге 700дөн ашуун мектеп программасына тийиштүү китептер 3 тилде (кыргыз, орус жана өзбек) жайгаштырылган. Тиешелүү бөлүмдөргө кирип, классты тандап, ар бир предмет боюнча китептерди көчүрүп алууга же болбосо ошол жерде онлайн окууга да болот. Китептер окуганга ыңгайлуу форматта жүктөлгөн. Мындан сырткары окуучулар үчүн пайдалуу башка адабияттар дагы бар. Мисалы санариптик сабаттуулукту, медиа маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуучу окуу китептери, Кыргыз өлкөсүнүн жана чет өлкөлүк жазуучуларынын белгилүү чыгармалары бар. Китептерди окуучулар электрондук китепкананын ичинде же болбосо көчүрүп алып окуса болот.

Ошондой эле окуу китептерин https://lib.kg/lib/school/ дарегинен табууга болот. Бул жерден окуу китептеринен сырткары да материалдар жайгашкан.

ibilim.kg - окуучулар жана ата-энелерге башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык комплекси. Кошумча билим берүү ресурсу катары сунушталат. Окутуу материалдары республикабыздын кыргыз жана орус тилдеринде окуган мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына арналган, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет.

bb.edu.gov.kg/ - “Билим булагы” – бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын 5-9-класстарынын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиалык комплекси.

Кошумча билим берүү тиркемелери:

MEGA24 мобилдик тиркемеси. Тиркеменин “Санарип мектеп” бөлүгүндө эфирден чыгарылган видеосабактар жайгаштырылууда. Тиркеменин дагы бир артыкчылыгы видеосабактар көрсөтүлгөн телеканалдарды түз эфирден көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Тиркемени колдонууга окуучулардан интернет трафиги сарпталбайт.

Zoom жана WhatsApp мобилдик тиркемелери. Бул тиркемелер аркылуу мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышты уюштура алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: