super.kg logo

Эксперттер пандемия учурундагы эң популярдуу алдамчылык схемаларын аташты

 

Пандемия учурунда эң кеңири таралган шылуундук схемалардын бири COVID-19дан жабыркагандар үчүн деп жалган билдирүүлөрдү таратып акча чогултуу болду. Бул тууралуу Орусиядагы Финансылык сабаттуулук боюнча улуттук борбордун адистери жергиликтүү басылмаларга айтып беришкен.

Аталган борбордун адиси Елена Бобкованын айтымында, жарандарга банктагы эсебине акча түшкөнүн айтып, байланышка чыгуусун талап кылган шылуундар дагы арбын кездешкен.

"Пандемияга байланыштуу көпчүлүк мамлекеттер өз жарандарына ар кандай жөлөк пулдарды берип жатты. Мындан улам бирөө банк кызматкери болуп чалып, эсебиңизге акча түштү деген кептерге эл оңой ишенүүдө. Ага кайра байланышка чыкканда банктык картасынын номерин сурайт же телефондун балансындагы акчаны алып кетишет", - деп билдирген Бобкова.

Эксперттер ошондой эле шылуундар COVID-19га каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана жаш балдарга, пенсионерлерге ошондой эле муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөргө бет кап таратуу үчүн кайрымдуулук кылууну сунушташкан.

Ал эми эксперт Игорь Григорьянц пандемия учурунда шылуундар жумуш табууга, насыя алууга жардам берүүнү дагы убада кылгандыгын белгиледи.

"Бул сунуштардын бардыгы Zoom тиркемеси аркылуу сүйлөшүүнүн шилтемеси же башка акысыз вебинар платформасы сунушталат, ал жерде сизден жеке маалыматтарды киргизүү талап кылынат, бул сиздин каражаттарыңызга коркунуч туудурат", - деп билдирди ал.

"Ошондой эле алдамчылар программаны жүктөп алып, арыз же башка документтерди электрондук түрдө берүүнү талап кылат (мындай программа вирустарды камтышы мүмкүн) ал учурда электрондук капчыктар корголбой калат. Эгерде адам жумуш издеп жатса, ага жумушка керектүү каражатты төлөп берүү, маалымат базасына кирүү, ошондой эле эмгек акы которула турган банк картасынын реквизиттерин берүүнү сунушташат. Бул маалыматтарды өткөрүп берүүнүн натыйжасында жарандар акчаны жоготуу коркунучу чоң", - деп кошумчалады Григорьянц.

Андыктан адистер бейтааныш адамдар же күмөн жараткан ишканалардын атынан чалганда, ар дайым сак болуп, маалыматты бир нече булактан тактап алууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: