super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоого чейин тыныгууга кетүү боюнча токтомду колдоду

 

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоого чейин тыныгууга кетүү боюнча токтомду колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында токтом кабыл алынды.

Депутат Дастан Бекешев сентябрь айына карата календардык план бекитилгенин эскертип, аны жокко чыгаруу керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бекитилген календардык планды иш баштаганда улантып кете берише турганын билдирди.

Жалпы 93 депутат катталып, токтом долбооруна "макул" деп 79, "каршы" деп 1 депутат добуш берди. Депутаттар 4-сентябрь - 2-октябрь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алып барып, калктын абалы менен жеринде таанышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: