Муфтият мечит, медреселерде шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзбөөнү эскертет
Кечээ, 2-сентябрь күнү Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар Асатов казыят кызматкерлерине жыйын өткөрүп, жыйында бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Асатов өлкөбүздө болуп жаткан саясий абал жана ага дин кызматкерлеринин аралашпоосун көзөмөлдөө, мечит, медреселерде шайлоонун үгүт иштерин жүргүзбөөнү эскертти.
Бул жаатта айрыкча ордо калааны катуу көзөмөлгө алып, дин кызматкерлери жана диний мекемелер жарандардын диний муктаждыктарын камсыздоо үчүн кызмат кылаарын айтты.
"Дин кызматкерлери саясатка аралашып, үгүт ишин жүргүзө албайт. Бул тууралуу Муфтияттын атайын так буйругу бар. Ошондуктан биз өз милдетибизди так аткаралы. Элибиздин, жерибиздин ынтымагын, бекемдигин жана саламаттыгын сурап, Жараткандан дуба кылалы. Шайлоодо жарандык милдетибизди аткарып, эң негизгиси үгүт иштерине аралашпайлы", - деген Эрназар Асатов.


1 |