“Дордой” АФК Президентинин Кубогуна аттанууда
Бүгүн, 18-сентябрда футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону “Дордой” клубу Малайзиянын
Малакка шаарына АФКнын (Азия футбол конфедерациясы) Президентинин
Кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноо үчүн аттанууда. “Дордой” биринчи беттешин 23-сентябрь күнү пакистандык “КРЛ” клубуна каршы ойноо менен баштайт. Эске салсак, АФКнын Президентинин финалдык бөлүгүндө 6 команда үч-үчтөн
2 тайпага бөлүнгөн. “Дордой” “В” тайпада “КРЛ” (Пакистан), Хилал Ал-Кудс (Палестина)
командалары менен беттешет. Ал эми “А” тайпасында непалдык «Три Старз»,
монголиялык "Эрчим" жана түркмөнстандык "Балкан" клубдары оюн өткөрүшөт.
Автор: Айбала Эргешов
“Дордой” мелдешке төмөнкү курам менен катышат:
Дарбазачылар: Павел Матяш, Максим Зинченко.
Коргоочулар: Даврон Аскаров, Тэго, Мустафа Юсупов, Адыл Бекболотов, Арий Элайджа, Марат Ажыниязов.
Жарым коргоочулар: Вадим Харченко, Каюмжан Шарипов, Турсуналы Рустамов, Авазбек Откеев, Курсант Шератов, Ислам Шамшиев.
Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев, Дэвид Тетте.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.