Кыргыз-Өзбек чек арасы ачылып, элди кабыл ала баштады
Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын өкмөттөрү чек ара бекеттери пандемиядан улам жарандардын жана транспорттун кирип-чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева SUPER.KG порталына билдирди.
"Мындан ары коңшу өлкөлөрдүн жарандары эки жакка тең чектөөсүз кире алышат. Бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптарды кынтыксыз аткаруу талап кылынат. Анда төмөнкү эрежелер сакталышы керек: Соңку 14 күндө Кыргыз мамлекетинде жүргөн же акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавирустун таза экенин тастыктаган ПЦР-тест тууралуу маалымкаты барлар Өзбекстанга киргенде карантинге алынбайт, Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын жарандары өткөрүү жайларында термометрия менен текшерилип, анкета толтурушат. Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга чыккан жана Кыргыз өлкөсүнүн аймагында гана болуп келген өзбекстандыктар чек арадан өтүп жатканда карантиндик көзөмөлгө алынбайт", - деп билдирди Гүлмира Бөрүбаева.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай" жана "Маданият" чек ара бекеттеринен эки тарапка адамдар мурункудай каттай баштады.
Эскерте кетсек, 1-сентябрдан баштап Өзбекстан COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмесине кирген.
