super.kg logo

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

 

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы өз кабинетинде пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан "Унаа" мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлеринин коррупциялык схема түзүп, эмгек келишимдеринин мөөнөтүн узартуу шылтоосу менен аймактык бөлүмчөлөрдүн кызматкерлеринен акча каражаттарын опузалап талап кылып жүргөнү аныкталган.

2020-жылдын 3-сентябрында жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы Ы.Р. акчаны опузалап талап кылуу жана пара алуу фактылары боюнча 2 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалды. Ы.Р. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин эмгек келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартканына байланыштуу Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерин негизсиз түрдө жумуштан кетирем деп көп убакыт бою коркутуп келген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, акча каражаттарын опузалап талап кылуу боюнча башка фактыларды жана коррупциялык схемага башка кызматкерлердин катыштыгы бар же жогун аныктоо иш- чаралары жүрүп жатканы маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: