super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Шаардын 145 жылдык мааракесине арналып, белгилүү эстрада жылдыздары катышкан майрамдык концерт өттү

 
Борбордук аянтка орнотулган экрандардын бири
Шаар тургундары концерт башталаардан 1 саат мурун эле келишип, орун ала башташты
Көрүүчүлөр борбордук аянтка толо келди
Роза Шакирова эл алдында ыр аткарууда
Назира Кадыева алып баруучулукту аркалады
Ташчайнар атка ээ болгон Нурлан да көрүүчүлөрдү смайрамы менен куттуктады
Нурлан кезектеги номери менен элди таң калтырууда
Лира Райымбекова эстен кеткис кайрыктарынан созуп берди
Шаардын тургундарын куттуктап, Гүлжигит Калыков репертуарындагы хит ырларын аткарып берди
Иса Өмуркуловду коштогон кыздар кыйкырык-сүрөөнго түшүп жатышты
Көрүүчүлөр үчүн уюштурулган фейерверк маанайды көтөрдү
Нэна "Нарын суук экенин билип туруп калың кийинип келгем",- деп жылмаю тартуулады
Нэнанын патриоттук ыры менен фейерверк коштолду
Борбордук аянтта аттырылган фейерверктен бир көрүнүш
Борбордук аянтта аттырылган фейерверктен бир көрүнүш
Катышуучулар концерттин аягында эл алдына чыгышты
Сахна жасалгасы көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок

Нарын шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулган  бир катар салтанаттардын катарын Бишкектен келген эстрада жылдыздары катышкан майрамдык концерт толуктады. Концертти көрүү үчүн борбордук “Ала Тоо” аянтына эл жык толду. Майрамдык кечени Асылбек Өзүбеков жана Назира Кадыева алып барышып, Нэна, Гүлжигит Калыков, Иса Өмүркулов, Роза Шакирова, Лира Райымбекова, Аскат Мусабеков сыяктуу белгилүү ырчылар болушту. Мындан тышкары Ташчайнар атка конгон Нурлан Алишеров  элдин көңүлүн көтөрүп, кызыктуу номерлерди аткарып берди. Концерттин аягында адатка айланып калган майрамдык фейерверк элге тартууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: