93 жаш курагында белгилүү дин аалымы Сагынаалы Шерматов каза болду
Талас облусундагы белгилүү дин аалымы, молдо Сагынаалы Шерматов 93 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Талас облусундагы белгилүү дин аалымы, молдо Сагынаалы Шерматовдун 93 жаш курагында бул ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Сагынаалы ажы өз учурунда көптөгөн шакирттерди тарбиялап, дин тармагына өмүрүн арнап, жаштарыбыздын ыймандуу, коомубуздун биримдиктүү болушуна салымын кошуп, Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууда бир топ эмгектерди жаратты. Өзүнүн 93 жаш курагында дагы жаштарга өзүнүн насаатын айтып, алган билимин жана тажрыйбасын келечек муунга өткөрүп кетүүгө далалат кылды. Чындыгында бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар! Кайгыңарды тең бөлүшөбүз", - деп көңүл айтты маркумдун жакындарына муфтий Максатбек Токтомушев.



1 |