super.kg logo

Белгилүү балбан Нурлан Алишеров (Ташчайнар) оор абалда ооруканада жатат

 

Эл арасында "Ташчайнар" каймана аты менен таанымал болгон балбан Нурлан Алишеровго жардам керек. Учурда ал Бишкек шаарындагы Фучик ооруканасында оор абалда жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкүл баласы Алымбек Адылбеков билдирди.

"Кечээ, 2-сентябрда саат 20:00 чамасында өкүл атамдын (ред.Нурлан Алишеров) таанышы чалып, тезинен атаңдын үйүнө бар, жыгылып калыптыр деп айтты. Атамдын 8 жаштагы баласы ошол байкенин номерин жатка билет экен, анан чалыптыр. Барсам атам дагы, баласы дагы аябай ыйлаптыр. "Тез жардамга" чалсам, алар келип эле алып кетебиз дешти. Атамды Фучиктеги ооруканага алып келип, жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти.

Эртең менен ооруканага барсак, дарыгерлер томографияга тартыш керек, инсульт алган деп айтышты. Сөздүн ачыгы бүгүн кечке томографияга акча издеп таба албай койдук. Түштөн кийин бир аз өзүнө келгенде телефон менен байланышып, акча керектигин айтсам, элден жардам сура, башка айла жок деп айтты.

Өкүл апам дагы Таласка кеткенине 5-6 күн болуптур. Ал жактан ооруп калып, учурда ал дагы дарыланып жатыптыр. Азырынча атамдын сол капталы жакшы иштебей жатат. Томографияга түшкөндөн кийин бардыгы билинет экен. Учурда атама жардам керек!", - деди Адылбеков.

Жардам берүүнү каалагандар: 0776553535 ЭЛСОМ. (Өзүнүкү).

Суроолор болсо Алымбек Адылбеков менен байланышсаңыздар болот.
0773834605
0703834605






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
03.09.2020. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жакшы болуп кетсин.
Эч бир пенде оорубасын.
03.09.2020. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Батыраак сакайып кетсин.
03.09.2020. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аллахым шыпаасын берсин.
04.09.2020. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кыргыз деп куйгон чыныгы патриот жигиттерибиздин бири, келгиле омурун сактап калганга себепчи бололу, коп тукурсо кол болот дейт.
04.09.2020. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы болуп кетсин шыпаасын берип,аздан болсо дагы чогулталы кыргыз элим.Бирок бул байке оор абалда тушуптур,окул баласы экенсин элден жардам качан келет дебей томографияга азыраак эле кететго.Толоп турсанар чогулса алат эленерда .Эл козундо эле бардар жердин балдарысынар окул атана 3 мин жалкабы томографияга.д
04.09.2020. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоо бул бумеранг,2010 жылы Таласта Конгантиевди сабаган аламдардын бири ушул адам болгон
04.09.2020. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaGaH,бири эмес башында турбады беле ушу киши. Аралашпай тескерисинче токтоткула десе Талас эли угат эле ушу кишини. Наборот Конгантиевдин аркасында туруп сайгылап Бакиев де, Бакиев де деп кайталап айтып турду. Аябай тан калгам бул кишиге. Тооба дейм, ооруду десе баары ошону эстешет, билип куноосун сезет бекен озу. 3000 сом таба албай калыптыр мына. Кана ошо Талас эли каякта журот бир ташчайнарына 3000 бере алышпай. Тонкорушко кетирбей акчаларын ушундай жардамга беришпейби, тооба мин мертебе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: