super.kg logo

Түштүк Кореядагы Тайфундун кесепетинен 270 миңден ашуун үй электр жарыгысыз калды

 

Кечээ, 3-сентябрда Түштүк Кореянын түштүк жана чыгыш жээктерин "Майсак" катуу тайфуну каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, саатына 140 чакырым ылдамдыкка жеткен шамал бактарды жана жол чырактарды оодарып кеткен. Нөшөрлөп жааган жаандан улам жолдорду суу каптап, 270 миңден ашуун үй электр жарыгысыз калган.

Өз кезегинде Япониянын жээк коопсуздугу өлкөнүн түштүк жээгинде кырсык болгонун биринчи билдирген кемени издеп жаткандыгын кабарлады. Кемеде экипаждын 42 мүчөсү жана 5 миң 800 баш бодо малы болгон.

Ошондой эле жергиликтүү метеорологиялык кызматтар аймакка "Майсактан" күчтүү дагы жаңы тайфун жакындап келе жатканын эскертишүүдө.

Буга чейин Түштүк Кореяда жүздөгөн авиакаттамдар токтотулган.

Майсак тайфуну акыркы жылдардагы аймактагы эң кубаттуу тайфун болуп эсептелет. Буга чейин Түштүк Кореяда 2003-жылы болгон "Маэми" тайфунунун күчү 131 адамдын өмүрүн алып, 3 миллиард доллар зыян келтирген деп болжол менен эсептелген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: