Президент сот системин санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты










Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жайыл райондук сотунун мисалында сот тармагын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Жайыл райондук сотунун сот жыйындары өтүүчү залдарда аудио жана видео жаздыруу системи киргизилгенин маалымдады. Автоматташтырылган маалыматтык систем келип түшкөн иштерди автоматтык түрдө каттайт жана соттордун иш-жүктөмүн тең бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, адам факторун жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу тобокелчилигин жоёт.
Аны менен бирге маалыматты издөө ыңгайлуулугу үчүн соттук иштердин электрондук архиви ишке киргизилген, ошондой эле бардык соттук актылар сайтка (act.sot.kg) жайгаштырылууда.
Гүлбара Калиеванын маалыматы боюнча, бул чаралар сот процесстеринин ачыктыгына, соттук этиканын сакталышына жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Президент Жайыл райондук сотунун судьялары жана кызматкерлери менен баарлашууда соттук чечимдердин кынтыксыздыгын, жалпы эле сот системинин ачыктыгын жана отчёттуулугун камсыз кылуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.
Мамлекет башчы коомчулукта айрым соттордун ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар бар экенин айтты. Ал белгилегендей, бул нааразычылыктарды соттордун өздөрүнүн тазалыгы менен компетенттүүлүгү, ошондой эле сот системинин ишмердигине алдыңкы санарип технологияларын киргизүү менен оңдоого болот.
Жайыл райондук сотунун ишмердигин санариптештирүүнү канааттануу менен белгилеп, сот өндүрүшүнүн калыстыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн иш жүзүндө алдыңкы технологияларды туура жана натыйжалуу колдонуунун зарылдыгына көңүл бурду.
Сооронбай Жээнбеков сот-укуктук реформанын алкагында бул маселелерге өзгөчө көңүл бурулганын эске салды. Ал өлкөнүн бардык сотторунда бул багыттагы чараларды ишке ашырууну тездетүүгө чакырды.
"Сиздердин ишиңиздерден көп нерсе, анын ичинде мамлекеттик бийликке болгон элдин ишеними дагы көз каранды. Сиздердин чечимиңиздер адам тагдырына түздөн-түз таасирин тийгизет. Өз ишиңиздерде адилеттүү жана бейтарап болушуңуздар керек. Буга санариптештирүү чоң жардам берет", - деди Сооронбай Жээнбеков.
