super.kg logo

Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагында 4 турак үйдүн короосун суу каптады

 

Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагында 4 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагында 2020-жылдын 3-сентябрь күнү саат 14:20 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Көк-Дөбө айылында сел жүрүп, 4 турак үйдүн короосун суу каптаган. Ысык-Көл райондук №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары, жергиликтүү тургундардан 5 киши жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылды. Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 19:00дө тазалоо иштери толук аяктаган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: