super.kg logo

Орусияда коронавируска карата эмдөөдөн алгач кимдер өтөрү белгилүү болду

 

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча убактылуу сунуштардын сегизинчи версиясын жарыялады. Анын ичинде биринчи кезекте эмдөөдөн кимдерди өткөрүү керектиги айтылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, алгач эмдөөнү төмөнкүлөр алышат:

- медициналык уюмдардын бардык кызматкерлери;

- билим берүү мекемелеринин кызматкерлери;

- полиция кызматкерлери;

- коомдук транспорттун кызматкерлери;

- соодагерлер;

- калкты социалдык жактан коргоо органдары;

- коомдук тамактануу ишканаларынын жана көп адам менен түздөн түз байланышта болгон уюмдун жумушчулары (мейманкана, чач тарач, химиялык тазалоо, банк, күзөт компанияларында жана башкаларда иштегендер);

- мектеп окуучулары, колледж жана университеттердин студенттери;

- аскерге барууга милдеттүүлөр.

Маалыматка караганда, COVID-19 менен буга чейин ооругандар дагы эмдөөдөн өтөт.

Эскерте кетсек, Орусия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавируска каршы вакцина иштеп чыгып, каттоого алганын жар салган. Вакцина "Спутник V" деп аталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: