super.kg logo

Кара-Кечеге баруучу жол ачылып, кен казуу иши башталды

 

Бүгүнкү күнү Дыйкан-Кара-Кече жолу убактылуу жол менен камсыз болуп, көмүргө келчү оор жүк ташуучу автоунаалар каттай баштады. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдирди.

"Үзүлгөн электр чубалгылары толугу менен калыбына келтирилип, иш толук кандуу жүрө баштады. "Кара-Кече" кесими жарык менен камсыз болду. Жол жасоого жол жана транспорт министрлиги тарабынан 1 экскаватор жана 2 Хово автоунаасы, ДЭП-24 ишканасынан 1 грейдер жана 1 погрузчик техникасы жумушка тартылган. Ошондой эле "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы тарабынан 1 бульдозёр бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн, натыйжасында оор жүк ташуучу техникалардын өтүүсүнө шарт түзүү, жолду тазалоо иштери туралуу пландары түзүлгөн. Буга чейин 10 күн ичинде убактылуу жаңы жол салынары белгиленип, мындан ары коопсуз жол салуу боюнча иштери жүргүзүлөөрү айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: