Поэтерапия: "Кел көңүл, экөөбүз жалгыз олтуруп, эч кимге көрсөтпөй ыйлап алабыз"
Жолукпайм дедиң, жолукпай жүрөм.
Себеби эмне, бар беле күнөөм?
Унутпайм бирок, көрбөсөм дагы,
Кайрылып бир күн келериң билем.
Ал күндү күтпөйм, чыдамым жоктой,
Эртерээк укта, түшүңө кирем.
Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын коногу таланттуу жаш акын Кубаныч Кожонберди уулу. Ал ордолуу Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көтөрмө айылында 1995-жылы туулган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. 8-9-класста окуп жүргөндөн тарта ыр жазып баштаган. Мектепте окуп жүргөндө сүйүктүү сабагы адабият болчу. Бишкек гуманитардык университетинин Экономика бөлүмүн аяктаган. Ага Данияр Эрматовдун "Айылымды сагындым", Гүлназ Чыныбек кызы аткарган “Жолуккум келет” жана башка ырлардын сөзү, айрымдарынын обону таандык. Көптөгөн кароо-сынактардын жеңүүчүсү.
КӨҢҮЛ
Өкүнүп, кайгырып, ыза толтуруп,
Боорукер көңүлдү кыйнап алабыз.
Кел көңүл, экөөбүз жалгыз олтуруп,
Эч кимге көрсөтпөй ыйлап алабыз.
Анткени жыгылсак чогуу жыгылып,
Жансак да бийикте бирге жанабыз.
Жүрөктөн армандын баарын өчүрүп,
Кечинде бир тоюп ыйлап алабыз.
Кокустан күтүүсүз түйшүк жаралса,
Коркобуз бөк түшүп кыйрап алабыз.
Жакшыны, жаманды чыдап көтөргөн,
Келгиле көңүлдү сыйлап алабыз.
Жалганда жамандын баарын өчүрүп,
Эч кимге көрсөтпөй ыйлап алабыз!
Ушул ырымды ыйлап отуруп жазгам. Ал кезде 2017-жылдары Түркияда болчумун, жумуштан чыгып бир кайгылуу казак ырын угуп калдым. Арасында көңүл деген сап бар болчу, акылга дароо эле кел көңүл, экөөбүз ыйлап алабыз деген сап келди, анан ошол саптар түнкү 12ге чейин тынчтык бербей атып, толук бир ырга айланган эле.
КЕЧИКТИҢ
Айтамын ачык, арзуумду жаның түшүнсүн,
Сен мага азыр бозоргон боппоз түтүнсүң.
Агарган таңда шуулдаган салкын шамалсың,
Түнөргөн түндө уйкумду бузган түшүмсүң.
Кайталап айтам кайгыдан жаным арылсын,
Сен мага азыр алоосу өчкөн жалынсың.
Ачылып кайра соолуган сирень гүлүмсүң,
Мөмөсүн төгүп, мөндүрдө калган шагымсың.
Экөөбүз азыр жанашпай өскөн терекпиз,
Байланган элек тамырсыз, жипсиз, себепсиз.
Ал күндөр калды колдорун булгап артымда,
А азыр мага адамсың такыр керексиз!
Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө бир кыз менен сүйлөшчү элем, бирок жолубуз эки башка экен. Арадан 2-3 жыл өткөндөн кийин баягы кыз менен социалдык тармак аркылуу жазышып калдык. Бирок мендеги баягы жалындаган сезимдер эчак соолуп бүтүптүр. Ошондон улам ушул ыр жаралган.
АПАКЕ ЭСИҢДЕБИ?
Шашылып, шалтак болуп келчү элем,
Түшкө жуук сабактан качып алып.
Ыр ырдап концерт коюп берчү элем,
Кышкы түн койнуңда жатып алып.
Апаке эстедиңби?
Калчубуз чоң үйдө жалгыз эле,
Гүл сунсам бах чиркин деп жыттачусуң.
А бирок ал гүл эмес, жалбыз эле.
Апаке эстедиңби?
Таң эрте уюбуз тууп салып,
Досторго бүгүн болду барбайм десем,
Ит кылгансың мектепке кууп салып.
Апаке шүмшүксүң ээ?
Бир жолу базарга бармак элең,
Мен дагы барамын деп ээрчигенде,
Уктатып качып кетип калган элең.
Эстедим ошол күндү,
Мектептен тентектик кылып салып.
Директор урушуп кыйкырды деп,
Өчүңдү алгансың ээ чачымды кырып салып.
Кыскасы сен менен чогуу жүрүп,
Күн батып, таңдар бат-бат атып калчу.
Экөөбүз ээрчишип жүргөнгөбү,
Сваршик Калы байке,
Трактор, телешка деп
жатып калчу.
Кантсе да сагынамын,
Күндөрдү экөөбүз чогуу болгон.
Апаке, апакебай,
Жүрө бер дайым ушул сулуу бойдон.
Бул ырды апама арнап жазгам, ичиндеги сваршик байке деген каармандар дагы биздин айылыбыздан. 10 жашымда атам каза болуп, улуу бир туугандарым да окууга кетип, үйдө апам экөөбүз эле калганбыз. Мектепке алып барып келген күндөрүн, апам экөөбүздүн чогуу ойногон күндөрдү, жакшы көз ирмемдерди эстеп отуруп жазылган ыр.
ЖОЛДОР
Жолдор, бүтпө, кете берчи узарып,
Мүнөт өтсө көңүл чөгүп суз алып.
Ал ансайын жакындасаң бекетке,
Арбын тартып, арбыйт менде кусалык.
Жолдор шашпа, мени дагы шаштырба,
Кол булгалап алдай бербе, азгырба.
Жок дегенде обон жазып калайын,
Сөзү даяр, обону жок жакшы ырга.
Жолдор айда, багытыңды түз кылып,
Кечире жүр кемчилигим көз жумуп.
Жарты жолдон жылаң аяк калтырып,
Кете көрбө кагып, силкип, жүз буруп.
Улуу жолдор жээгинде гүл гүлдөгөн,
Сени тепсеп кимдер гана жүрбөгөн.
Сени менин бул жашоого аттанып,
Сени менен биз кетебиз дүйнөдөн.
Узак жол жүрүп баратканда жазылган ыр, тагыраагы Германияга бараткан сапарда жазгам. Негизи мен жашоомдо чет өлкөлөргө өтө көп чыктым. Польша, Алматы, Түркия жана башка мамлекеттерге барып эле жолуңду таппай жүрөсүң, баары бир ушул жол менен келип, кайра кетип жүрө берет экенбиз деген ойдо жазылган.
КАРАНТИН
Каалоомду жасап, эч кимди тыңдап укпадым,
Баш ийет акыл кай жакка басса буттарым.
Жарытаар ой жок же жазаар жакшы ырлар жок,
Жарымдан көбүн уйкуга бөлөм сутканын.
Биле албай калып таңымды же бир кечимди,
Убайым тартып уйкудан алам өчүмдү.
Күзгүнү такыр көрөөргө көңүл барган жок,
Көргүм да келбейт көздөрү шишик бетимди.
Ушинтип азыр үстүнөн иштеп катанын,
Очогу кенен ойлорго сансыз батамын.
Отуздай мүнөт отуруп алып чай ичип,
Кайрадан эле жаздыкка башым катамын.
Анткени деген мен ГРИПП болуп жатамын.
Бул ырды болсо карантинде ооруп калып, ошол учурда жазгам. Үйдө жалгыз элем даам сезбейм же жыт сезбейм дегендей. Уйку менен эле алек болгон күндөрү жазылган. Карантинде баары негатив ойлор менен жүргөндө, бул ыр окурмандарга жакшы маанай тартуулады деп ишенем. Бизде дагы ушундай эле көрүнүш деп жазган пикирлер мага бир топ күч берген.
кошулду


1 |