Бишкекте Максим Горький атындагы гүл бакчанын реконструкциялоо иши жыйынтыкталды








Бишкектин Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Максим Горький атындагы гүл бакчанын реконструкциялоо иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сейил бакка түстүү таман таштарды орнотуу, ирригациялык түйүндү жаңыртуу, сугат арыктарын төшөө жана тышкы жарыктандырууну модернизациялоо иштери жүргүзүлүп, чырактар, жаңы отургучтар жана таштанды үчүн урналар орнотулду.
"Куруучулар мурдагы граниттик жээк таштарды кылдаттык менен алып, аларды жаңы негизде орнотушту. Ал аянттын жаңыланган көрүнүшүнө шайкеш келди" деп жазылат маалыматта.
Гүл бакчанын жаңылоо ишин "Береке Стрим" компаниясы аткарды.
Белгилей кетсек, гүл бакчаларды реконструкциялоо шаардык бюджеттен каржыланды. Долбоордун наркы 7 миллион сомду түздү.
