super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: "Көп кабаттуу үйдү суу каптады, жашоочулардын коопсуздугуна ким жооп берет?" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Бишкектин тургуну кайрылды. Ал "Чыгыш-5" кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү көйгөйдү айтат. Окурман билдиргендей, кечээ, 3-сентябрда жаан жаап, көп кабаттуу үйдү суу каптаган.

"Биз Бишкектин борборунда жашайбыз. Жашоочулардан ай сайын үйдүн чатырын тазалоо үчүн 100 сомдон акча алышат. Бүгүн жаан бир аз эле жааганына карабай, үйлөрдүн ичине чейин суу кирип, кире бериштин ичи көлчүк болуп калды.

Өкмөт кайсы жакты карап жатканы түшүнүксүз, үйлөрдүн ичине суу шорголоп куюлуп жатат. Электр эсептегичти да суу аралап өткөн, аны кармасаң ток урат. Кокустук болуп, адамдар жабыркаса ким жооп берет?", - деген ал учурду видеого тартып алган окурман.

Видеодо көрүнгөндөй, анда суу үйдү каптап, жашоочулар аны тазалап жатканы көрүнөт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: